Печать
Категория: Коом
Просмотров: 160

Бишкектен Дубай жана Шарджа шаарларына аба каттамдары токтотулду. Бул тууралуу “Манас” аэропорту ААК басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Абу-Даби шаарына уча турган каттам кармалууда. Учуу убактысы бүгүн саат 18:50гө жылдырылды.

Учуулардын токтотулушу жана кармалышы Бириккен Араб Эмираттарындагы орун алган туруксуз аба ырайына, жаан-чачынга байланыштуу болууда.