«Абдыш-Ата» АФК Кубогунун 2023/2024 плей-офф баскычына чыгып, тарых жараткан.
Азыр ата-мекендик клуб гранд финалдан бир кадамда турат. Команданы финалга чейин австралиялык «Централ Кост Маринерс» клубу менен эки оюндук тирешүү күтүүдө. Бул жуптун биринчи беттеши бүгүн, 17-апрелде Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 18:00дө орун алат. Жооптук беттеш 24-апрелде Госфорддо (Австралия) өтөт.
Жуптун жеңүчүсү финалда Батыш зонанын чемпиону менен кез келет. Аталган зонанын чемпиону наамы үчүн «Аль-Ахед» (Ливан) жана «Аль-Нахда» (Оман) клубдары ат салышкан. Эки оюндук тирешүүдө ливандык клуб мыкты болуп, ал атаандышын 3-1 жалпы эсеби менен жеңди. Ошентип, «Аль-Ахед» Батыш зонанын чемпиону аталып, эми финалда ойнойт.
Бүгүнкү «Абдыш-Ата» - «Централ Кост Меринерс» беттешине билеттер kassir.kg сайтында, ал эми түз алып берүү УТРК Спорт каналында жеткиликтүү болот.