15-апрелде 180 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы менен Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнин иликтөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын лейтенанты А.Э.А. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, аталган тергөөчү козголгон кылмыш иши боюнча маселени оң чечүү үчүн айыпталуучу жарандан акча талап кылгандыгы аныкталды. Ошол эле учурда опузалап акча талап кылуу айыпталган беренелерди олуттуураак беренелерге кайра классификациялоо коркунучу менен жасалган.
Мындан улам, тергөөчү А.Э.А. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан КР ИИМ жетекчилиги менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.