Бишкек мэриясы шаардагы Ататүрк паркынын аймагында жайгашкан үйлөрдү сүрдүрүү чечимин кабыл алганы жана ага ылайык жер берүү боюнча чыккан 124-токтом жокко чыгарылганын билдирди.
Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси, экс-депутат Ишенбай Кадырбеков мэриянын мындай чечими мурда эле кабыл алынышы керек болчу деп эсептейт. Ал бул тууралуу "Азаттыктагы" көрсөтүүдө билдирди.
"Мэриянын чечимин мен толугу менен колдойм. Бул дагы кечигип калды, мурда эле кабыл алыш керек болчу. Мэрия, тийиштүү кызматтагылар бир нерсени түшүнгүсү келбей жатат - шаарларда, айылдарда жерге турак жай курууга кандай учурда уруксат берилет? Бир гана учурда - куруу документациясы болуп, ал жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилсе мыйзамдуу болот. Болбосо берилген жерлердин баары мыйзамсыз. Бул жерде мыйзамды жер алган, үй курган адамдар эмес, ошол жерди берген чиновниктер бузган. Жер кодексинин 77-беренесин бузушту. Тилекке каршы, бүгүн дагы шаарда курулуш катуу жүрүп жатат. Шаар куруу долбоору жок, бекитилбеген курулуштар курулуп жатат. Демек, жерди алган, кызыл китепчени алгандардын мында бир да күнөөсү жок, аны берген чиновниктерде күнөө. Мыйзам мындайда эмне дейт? Эгерде жер мамлекетке керек болсо, бизге керек, парк кылабыз дей турган болсо, аны аткарса болот. Ээлерине компенсация төлөп бериши керек, а өлчөмүн тараптар келише албаса, сот аныктайт", - деди Ишенбай Кадырбеков.