УКМК тарабынан Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин (мурдагы "Унаа") айрым кызматкерлери тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду. Буга чейин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Коопсуздук кызматы айдоочулук күбөлүк алуудагы жол кыймылынын эрежелери боюнча теориялык жана практикалык сынактарды коррупциялык схемага айланып алышкандар кармалганын билдирди.
Тактап айтканда, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин адистери коррупциялык схеманы уюштуруп, жарандык ортомчуларды тартуу аркылуу текшерүүдөн өтүп жаткан адамдар менен алдын ала байланыш түзүп, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн жол эрежесинин сынактарын “ийгиликтүү” тапшырганы үчүн акча талап кылышкан.
Видео көзөмөл аркылуу уюштурулган иш-чаралардын алкагында сынакты “ийгиликтүү тапшыруусу” үчүн жарандардан Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси Б.М.Ш. тарабынан 50 миң сомдон акча каражаты системалуу түрдө алынганы аныкталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 15-апрелинде Б.М.Ш. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар уланууда.