Пандемия маалында бааларды жогорулатканы үчүн "Бонецкий" лабораториясына 423 млн сом айып салынганын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Аталган кызмат тарабынан лабораториялык изилдөө рыногунда КРнын “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамды бузгандыгы үчүн “Интелмед” ЖЧКнан (Бонецкий лабораториясы) көрсөтүлгөн сумманы республикалык бюджетке төлөтүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн талдоого ылайык,“Интелмед” ЖЧКсы өзгөчө кырдаал убагында (Covid-19 пандемиясы) өзүнүн үстөмдүк абалынан пайдаланып, коронавирустук инфекцияны ПЧР-тестирлөө жүргүзүү кызматтарына монополиялык жогорку бааларды койгон.