Печать
Категория: Коом
Просмотров: 245

9-майда Улуу-Ата Мекендик согуштун 79 жылдыгына карата Бишкектеги Жеңиш паркында митинг –реквием болуп өтөөрүн Коргоо министрлигинен билдиришти.

Ага өлкө жетекчилиги жана Бишкек гарнизонунун аскерлери катышат.

«скерлердин салтанттуу саптык жүрүшү жана бул күнү “Өчпөс полк” эл аралык акциясы дагы уюштурулат.

Коргоо министрлиги Куралдуу Күчтөрдүн бардык аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде салтка айланган эрдик сабактары жана жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрөт.

Белгилей кетсек, Казакстан бул жылы дагы 9-майга карата Аскердик парадды өткөрбөй турганы белгилүү болгон. Аны каражатты үнөмдөө катары белгилешкен. Өзбекстанда дагы акыркы  3 жылдан бери 9-май мурдагыдай белгиленбей калган.