12-апрелде УКМК менен КР ИИМдин ички чалгындоо кызматынын биргелешкен аракетинин натыйжасында, Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери Э.Н.А. кармалды.
Белгилей кетсек, буга чейин 2500 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кызматкер жарандан транспорт каражатын башкаруу укугун (айдоочулук күбөлүгүн) кайтарып берүү, ошондой эле унаасын айып короодон алып чыгуу маселесин оң чечип берүү үчүн акча талап кылганы аныкталган. Белгилей кетсек, Э.Н.А. буга чейин да ушул эле шылтоо менен дагы бир жарандан 500 АКШ долларын алган.
Кармалган патрулдук милиция кызматкери КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан КР ИИМ жетекчилиги менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.