Печать
Категория: Коом
Просмотров: 360

138-маршруткада отуруп келе жаткам. Артымда жашы алтымыштарга барып калган багжайган киши отурганын көзүм чалган. Аңгыча ошол киши:

- Инвалид эмессиңби? Тетиги аялга орун берип койсоң боло? - деп жанында отурган кызды кагып, катуу айтты. Ал кыз телефон менен алаксып отурганын да байкагам. Эбелектей болуп учуп туруп  "Келиңиз эже, байкабай калган турбаймбы", - деди. Тиги аял орунга отурду да: "Азыркы жаштар ушундай", - деп наалып кирди. Аны берки эркек коштоп, "Оронуп алганы менен ичинде ыйман жок", - деп калды. Мен кайрылып өз оюмду айтайын деп, тиги кишинин кебетесин көрүп токтодум. Мындай кишилер кеп жебейт, кайра өзүңө асылып кириши мүмкүн деп унчукпай калдым.

Эми ушу жерден улууларга кайрылам. Жаштардан орун сураганда кекетип-мокотуп, кемсинткен сөздөрдү колдонбой эле "ай айланайын, орун бошотуп бере аласыңбы?", "ай кызым, тиги апаң отуруп алса жакшы болмок ээ" ж.б.у.с. сөздөр менен кайрылса өзүнө да, жаштарга да жакшы болот эле, маанай түшпөйт эле. Дегеле акыркы кезде жаштардан эмес, улуулардан агрессияны көп байкачу болдум. Бирөөдөн бирдеме сурарда ооздон чыга турган сөздү ойлонуп айтсак жакшы болор эле.

Ал эми биздин жаштарыбыз мыкты. Мен акыркы кезде ушунчалык мыктыларды көрүп келе жатам, жөн эле суктанам! Орто муундагылар тескерисинче, жаштардан көп нерсе үйрөнүшүбүз керек.

Аскер Сакыбаева, журналист