Шаардык мэриядан билдиришкендей, ишембилик шаар аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында уюштурулган.
Ошентип, ишембиликтин алкагында 6-апрелде 396 тонна таштанды чыгарылды. Чогултуу иштери уланууда. Ошондой эле шаар тургундары жана уюмдар тарабынан 2 миңден ашык көчөт отургузулду.
Ишембиликке Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, төрт райондук администрацияларынын, министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик органдардын жана мекемелердин, чарбакер субъекттердин кызматкерлери чыгып, бекитилген аймактарды тазалоо иштерин жүргүздү.
Мындан тышкары, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери бекитилген участокторду тазалашты.
Ишембиликке бектилген аймактар боюнча 567 мамлекеттик жана ошондой эле ишембиликке тиешелүү аймагы боюнча 1445 чарба субъектилери катышты.
Шаарды тазалоого дээрлик 27,9 миң шаар тургуну, анын ичинен 7 миңден ашууну мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышса,«Тазалык» ишканасынын 50 техникасы жана «Бишкекжашылкурулуш» ишканасынын 10дон ашык техникасы жана башка кызматтардын 40тан ашык атайын техникасы тартылган.
Белгилей кетсек, ишембилик борбор калаанын инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында өткөрүлдү.