Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки шаарды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Анда ал бул эки шаарды өнүктүрүүгө 1 миллиард сомдон бөлүнөрүн айтты.
Кара-Балта шаарында бөлүнгөн бюджеттик каражаттын эсебинен асфальт-бетон заводун, таш майдалоочу цехти куруу, жол куруучу техникаларды сатып алуу, Кербен муниципалдык базарын түзүү, борбордук стадионду реконструкциялоо, парктарды реконструкциялоо, сейил бактарды оңдоо, суу менен камсыздоо жана канализация, бала бакча куруу, жолдорду оңдоо, шаардын интерактивдүү картасын иштеп чыгуу жана видеобайкоо камераларын орнотуу пландалууда.
Токмок шаарында өнөр жай аймагын инфраструктура менен камсыз кылуу, бетон заводун куруу, «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасын модернизациялоо, асфальт-бетон заводун куруу, атайын техникаларды алуу, паркты жакшыртуу, таш майдалоочу цех куруу, мал базарды жакшыртуу, жолдорду оңдоо (өнөр жай аймагындагы жана ички жолдор), Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда туристтик комплекс куруу, логистикалык борбор куруу, Токмок шаарынын борбордук базарын реконструкциялоо, балдар бакчасы, көп функционалдуу стадиондун курулушу пландалууда.
МинКаб башчысы Акылбек Жапаров сунушталган пландарды бекитип, бул иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну тапшырды.
«Кара-Балта жана Токмок шаарлары Чүй облусундагы экономикалык жана өнөр жайлык өнүгүүнүн борборлору. Бөлүнгөн каражаттар аталган шаарлардын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет деп күтөбүз», - деген ал жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.