Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун (учурда жоюлган) мүчөсү жасалма акчаны сатууга аракет кылып жатканда кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, ал жаран - Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 1975-жылы туулган тургуну Т.М. Анын ири өлчөмдө, тагыраагы 100 АКШ доллары номиналындагы жасалма акча каражаттарын мыйзамсыз адалдоо иш-аракеттери аныкталды.
Буга байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “А” атайын кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, Т.М. жасалма банкнотторду сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды.
Жеке тинтүү учурунда анын жанынан 19 800 (он тогуз миң сегиз жүз) АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акча табылган.
Учурда кармалган жаран 1 айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Анын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.