Меккеде кыргызстандыктар үчүн бекер жатакана ачылат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Маалым болгондой, анда окуу үчүн барган кыргызстандык студенттер жана зыяратчылар жашайт.
Жатакана ачуу чечимин президент Садыр Жапаров дагы колдоого алып, бүгүнкү күндө имарат бөлүнгөн.