Бишкектеги Тез жардам борборунун директору Искендер Шаяхметов ЖК депутаты Жусупбек Коргонбай уулун сотко берүүгө ниеттенип жатканын маалымат каражаттарына кабарлаган.
Анда айтылгандай, Шаяхметов депутат аны парламент жыйынында жабдыктарды эсептен чыгарып, аны кызынын жеке фирмасына берип койгон деп айыптаган.
"Жогорку трибунадан мындай жалган жана негизсиз айыптоо чектен чыгуу, ошондуктан мен ага көңүл бурбай кое албайм.
Тез жардам унаалары менен кошо сатылып алынчу бардык медициналык аппараттар Бишкек мэрмясынын муниципалдык мүлктөрдү башкаруу департаментинде каттоого алынат. Тез жардам борбору жабдыктарды эсептен чыгарууга катышпайт. Аталган департамент 100 миң сомго чейинки баадагы аппараттарды ички комиссия менен өз алдынча эсептен чыгара алат, а 100 миң сомдон ашкандарын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын катышуусундагы кеңейтилген комиссия чечим чыгарат", - деген Шаяхметов.
Ал өткөн жылы дагы ушундай айыптоолор болгонун белгилеген.
"Ага байланыштуу биздин борборго ЖК депутаты Нуржигит Кадырбеков келген, эмгек жамаат менен маектешип, кырдаал менен таанышып, айыптоолордун негизсиз экенин түшүнгөн. Анын үстүнө Тез жардам борбору жыл сайын КР Эсептөө палатасы тарабынан текшерилет. Бир дагы жолу аппаратураларды эсептен чыгаруу жана башка бирөөлөргө берүү фактысы катталган эмес", - деген ал.
Эске салсак, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы Жусупбек Коргонбай уулунун үстүнөн Ленин райондук сотуна арыз жазганы белгилүү болгон.