Печать
Категория: Коом
Просмотров: 321

5-апрелде Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев Орок айылында курулуп жаткан стадиондун аймагына келип, курулуштун жүрүшүн текшерип, инфратүзүмдүк объект тууралуу журналисттерди кызыктырган суроолоруна жооп берди.

КФБ жетекчиси 45 миң кишилик стадиондун курулушу эки жылда бүтө тургандыгын билдирди. Ал эми, бул жылы КФБнын жана Кыргыз Республикасынын футболду өнүктүрүү фондону, мэриялар, аймактык башкаруу органдарынын көмөгү менен он эки стадион реконструкциядан өтүп, жаңыдан экөө курулмакчы.