Печать
Категория: Коом
Просмотров: 425

УКМК Фрунзе көчөсүндөгү 0,25 га жер тилкесин жана республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгон эки кабаттуу имаратты жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысын аныктады. 

Белгилей кетсек, 1992 - жылы Москва шаарынын жалпы профсоюздар конфедерациясынын токтому менен Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Кеңешине Фрунзе жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги гимнастика боюнча имарат берилген.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси Л.В.И. коррупциялык схеманы жеке кызыкчылыгы үчүн уюштурганы, анын жардамы менен жогоруда аталган кыймылсыз мүлктөр Федерациянын ээлигинен мыйзамсыз чыгарылып, белгиленген тартипти бузуу менен жеке компания тарабынан менчиктештирилгени такталган. 

Жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралардын жана өз убагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында белгиленген жер участогу жана имарат муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди. Мүлктүн жалпы наркы 196 млн 302 миң сомду түзөт.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо, ошондой эле ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.