Жашоодо ар кандай адамдарга туш болобуз. Баарынан жаманы жаныңда жүрүп, жакшы сөзүн сүйлөп, бирок башыңа оор күн түшкөндө караңгы киргенде жоголгон көлөкөдөй дайынсыз кетип, бирок ыңгайы келгенде ал дайынсыз кеткени үчүн кайра өзүңдү күнөөлөгөн адамдарга көп убактыбызды кетиребиз. Сөз сөз менен бирок адамды иш жүзүндө гана баалоо маанилүү. Эркектерден адашпаш үчүн андагы жети сапатка баа берүү керектигин психотерапевт, психология илимдеринин кандидаты, гипнолог Елена Ярикова айтып берген.
1. Сөзү кылган ишине дал келбейт
Эркектин аял менен болгон мамилесин өөрчүтүүгө жана келечекке чогуу пландарды түзүүгө кызыкканы албетте, дайыма жагымдуу. Бирок эгерде иш сөздөн ары кетпесе, бул ал кишинин өзүнө жоопкерчилик алуудан качканын, демек кандайдыр бир маселеге кириптер болуп калсаңыз, аны өзүңүз гана чечээриңизди, ал эркектен эч кандай жардам болбошун билдирет.
2. Маанилүү учурларда жаныңызда жок
Дос кайгыда билинет деп коет, эгерде сүйүктүү адам тууралуу кеп кыла турган болсок, аны он эсеге көбөйтүү керек. Ал сизге убакыт бөлгүсү келбейт, үйдөгү маселеде, жумуштагы маселеде дайыма жок. "Өзүңдүн маселеңди өзүң чеч" деп ачык айтпаганы менен кылган мамилеси ошону туюндуруп турат. Ошондой эле сиз тууралуу терс сөздөрдү сизге каршы адамдарга айтып жана сиз ким менен каршылаш болсоңуз ошол адам менен жакшы мамиле түзүүгө аракет кылат.
3. Ачык сүйлөбөйт
Эгерде кандайдыр бир жардамы керек болуп кайрылып калсаңыз, эч убакта так айтпайт: "Ооба, бул менин колумдан келет, мен сага жардам берем", - деп. Анын ордуна "көрөбүз", "аракет кылабыз", "убакыт көрсөтөт" ж.б. Анысы менен чечүүчү учур келгенде "мен сага убада берген эмесмин" деп чыгып кетүүнүн камын алдын ала көрөт.
5. Жолугушууну себепсиз артка жылдырат
Албетте, ар кандай кырдаал жаралып калат, бирок жолугушам деп туруп, жолугушууга келбей, анан да ал тууралуу алдын ала сизди кабардар кылбай, жайбаракат жүрө бергени ойлондура турчу коңгуроо. Жоопкерчиликтүү, сөзүнө турган адам менен мамиле кылуу жагымдуу. Андай адамга кандай кырдаал болбосун таянууга болот. Эгерде жоопкерчиликсиз болсо, сизге керек учурда караанын да таппай каласыз, демек таянууга да негиз жок.
6. Убадасын аткарбайт
Эркек кишинин айткан сөзүнө тура билгени - адамгерчиликтүү, адамдык сапаты бийик жана жоопкерчиликтүү экенин көрсөтөт. А бирок убада дарыядай агып, бирок иш бир ордунан жылбай тура берсе, мамилеңиздерге күмөн санай берсеңиз болот. Куру сөз менен курсак тойгуза албайсың дегендей эле кеп.
7. Ишенимдүү боло албасаңыз...
Эркек киши жаныңда бар деп билсең, анда сиз тынч, ишенимдүү болушуңуз керек. Эгерде мындай сезимдер сизде жок болсо, кайсы бир күнү суудан кургак чыгып кетээрине шегиңиз бар болсо, анда мындай мамиленин сизге эмне кереги бар?
Эң негизгиси - бул жети белги бар эркекке убакыт кетирбеңиз. Ал сиздин убактыңызды уурдап гана жүрөт. А ниетинде, каалоосунда сизге жөлөк болуу турсун, жөнөкөй нерселерде да ийиинин тосуу ою жок. Ошондуктан, жакшысы мындай эркектен бутуңуз үзүлгүчө, артыңызды карабай качыңыз!