УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттин алган багыты тууралуу Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин тарбиялануучуларына маалымат берди.
Эске салсак, аталган колледжке УКМК төрагасы кечээ, 3-апрелде барган.
"Коомубуз бүгүнкү күнгө чейин өтө тартипсиз болуп кеткен. Кантип? Себеби олигархтар, ууру чиновниктер, криминалдык топтор пайда болгон. Мына, ушул үч күч биригип, мамлекетте мафиялык түзүлүштү түзүшкөн. Азыркыга чейин алар менен күрөшүп арыла албай келебиз. Күрөштү дагы да улантабыз, алардан арылабыз.
Олигархтар коомубузду башкарбашы керек. Мамлекетти уурдап-тоногон чиновниктер бай жашап, коомго таасирин тийгизбеши керек. Криминалдык бандиттик топтор мамлекетте такыр болбошу керек. Мына, ушуга биз багыт койгонбуз. Бүгүнкү күнү мамлекеттин бардык булуң-бурчунда социалдык объектилер, бала бакчалар, мектептер, жарандарга берилчү турак-жайлар, жолдор курулуп, өтө жакшы багытта өнүгүп жатат", - деди Камчыбек Ташиев.