Майлибашев Улан Бекболотович Чүй облусунун Кант шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тескемеге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык Майлибашев Улан Бекболотович Чүй облусунун Кант шаарынын мэри болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.