Печать
Категория: Коом
Просмотров: 177

2024-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйында адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзаменди тапшырууга талапкерлерден 2023-жылдын июнунан баштап  ноябрь айына чейин келип түшкөн арыздары каралды. Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн квалификациялык экзаменге киргизүү же киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдер кабыл алынды.

Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат алган төмөнкү жарандар үчүн тестирлѳѳ 2024-жылдын 22, 23, 24, 25 жана 26-апрелинде саат 9:00дѳн 18:00гө чейин өткөрүлөт.

Экзамен Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибине ылайык 110 суроодон турган компьютердик тестирлөө формасында өткөрүлөт. 77 жана андан көп  суроолорго туура жооп бергендер (70%) квалификациялык экзаменди өттү деп эсептелет.

Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия берилет. Квалификациялык экзаменди өтпөй калган талапкерге кайра тапшырууга алты айдан кийин гана уруксат берилет.

          Кошумча маалыматты комиссиянынын катчысынан 0312 62-62-10 (+219) телефону аркылуу алсаңыз болот.