- Президент Садыр Жапаров менен генерал Камчыбек Ташиев 3 жыл мурда элге берген убадаларына катуу турушуп, кылмыштуулук менен коррупцияга каршы айыгышкан согуш ачышты. Азыр биз бул жетекчилерди эч кылчактабай колдоп турушубуз абзел. Анткени, кеп өлкөбүздүн келечеги жөнүндө болуп жатат. Кыргызстандын мындай абалга кептелишине биринчи кезекте ошол 2020-жылга чейин шапар тээп, жыргал доор сүрүшкөн баардык өлкө башчылары, алардын жакын санаалаштары, үй-бүлөлөрү күнөлүү. Криминал коомубузга ушунчалык терең кирип, кеңири жайылып кетээрин ким билиптир?
Мындай көрүнүш керек болсо дүйнөлүк машстабдагы терс феномен десем жарашат. Чектен биротоло чыгып калышкан турбайбы? Эки инсандын чечкиндүү күрөшү сөзсүз оң натыйжасын берет жана бере баштады. Эми муну мыскылдоо менен карап тургандарга айтып коюушубуз керек! Кыргызстандын келечеги бычактын мизинде турат!
Коррупцияга малынып, уурулук менен алектенгениңер акыры көзүңөрдөн чыгат. Колго түшкөн кылмышкерлерге эч кандай аёо болбошу зарыл. Аларды жаш-карысына, алдуу-күчтүүсүнө, мурдагы иштеген кызматтарына, ар түрдүү жолдор менен алган наамдарына карабастан, соттун чечимдери менен мал-мүлкүн, акчаларын, байлыктарын казынага төктүрүп, өздөрүн массалык-маалымат каражаттары аркылуу шерменде кылып, узак мөөнөттөргө түрмөлөргө тыгып салуу керек! Бир эле бажы кызматында уурулук болгон эместир? Экономиканын баардык тармактары коррупцияга малынган. Мисалы, билим берүү, илим, маданият, саламаттыкты сактоо, спорт, дин тармактарында баары эле таза дейсиздерби? Албетте, жок! Айрыкча, билим берүү системасы өтө коррупцияланган. Ал жерде миллиарддаган бюджеттик, кредиттик жана гранттык акчалар таланып-тонолуп турат. Бир эле министрдин 100 миң АКШ долларын ачыктан-ачык пара катары алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөнүн элдин баары көрдү го?
Ошондуктан менимче, азыр президент менен генерал чоң чечкиндүүлүк менен коррупцияга каршы күрөштү башташты. Артка кайтпай тургандыктарына ишеним зор. Бул башталышы гана. Дагы көптөгөн уурулардын бети ачылат деп ойлойм! Ошондо гана Кыргызстан өзүнүн тээ атам замандан бери келе жаткан адилеттик жолуна түшөт. Дүркүрөп өнүгөт! Кыргыз тилинин өнүгүшү, улуттук идеологиянын калыптанышына жол ачылат. Кыргыз өзүнүн намысын жана пассионардык касиетин ойгото алат жана башка элдерге тең-ата болуп, дүйнөдө өз ордун татыктуу ээлейт! Менин буга көзүм жетип эле турат!