Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленерин Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.
Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.
Ал эми быйыл Кадыр түн 5нен 6-апрелге караган түнү белгиленет. Кыргызстанда Орозо айы 11-мартта башталган.