КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборундагы терактка байланыштуу орусиялыктарга көңүл айтты. Ал бул тууралуу билдирүүнү соцтармактагы баракчасына калтырды.
"Кыргызстан "Крокус Сити Холлдогу" окуяга аза күтүүдө. Террористтердин улуту жок жана улуттар аралык кастыкты жаратууну көздөгөн террористтик уюмдардын каалоосун аткарып, болуп өткөн окуяга бир улутту толук күнөөлөөгө болбойт. Аны менен Россия Федерациясындагы мигранттарга каршы маанайды жаратпаш керек.
Мен өз тарабымдан Тажикстан Республикасынын атайын кызматынын абийирдүүлүгүнө так кесе ишендире алам, алардын террористтик жана экстремисттик уюмдарга болгон күрөшү үзгүлтүксүз уланып жатат. Жалдоочулардын таасирине кайсы мамлекеттин болбосун жарандары илинип калышы мүмкүн, бирок теракта тапшырык бергендер бир улуттун өкүлдөрүн жөн жерден тандап алган жок.
Боордош өлкөлөрдүн коопсуздук кызматтары тарабынан жасалып жаткан биргелешкен аракеттер ислам динине жамынгандардын кылмыштуу максаттарынын ишке ашуусуна жол бербейт деп үмүттөнөм", - деп жазды Камчыбек Ташиев.