Азыркы учурда Кыргызстандын аймагында Садыр Нургожоевичтин, Камчыбек Кыдыршаевичтин атына жамынган 2-3 группа көлөкөлөр жортуп жүрүшөт.
Бул көлөкөлөр кимдер?
Булар учурунда бийлик башындагы эки агабыз менен сүрөткө түшүп үлгүргөндөр, анча-мынча шайлоолордо чогуу жүрүп калгандар, "Ата-Журт" партиясынын партиялык билетин алып алгандар жб.
Бул көлөкөлөр Президент менен УКМК төрагасынын аты менен көп иш аракеттерди кылып жатканы боюнча кабар угулууда.
Андан сырткары буларда ар бир укук коргоо органдарында, Министрлер Кабинетинде күчтүү тааныштары бар экени да кабарланууда. Алар менен мафия түзүп алышып, ар кандай мыйзамсыз иштерди жасап жатышкандыгы боюнча маалымат бар.
Булар эмне иш кылып жатышат?
Бул "көлөкөлөр" жогоруда айтылгандай тааныштарына кайсы бир ишкана же завод боюнча маалымат беришет, таанышы аркылуу иш козготот же текшерүүлөрдү жөнөтөт.
Кайра-кайра текшертип бизнесменди алсыраткандан кийин, кайра "көлөкөлөр" жардам берип куткарып акча өндүрүшүп жатканы боюнча угулууда. "Көлөкөлөр" менен мамиле кылбай койсо,кээ бир сатылма орган кызматкерлери аркылуу ишкерлерди, жарандарды кыйнашат экен.
"Көлөкөлөр" өздөрүн кандай көргөзүшөт?
"Көлөкөлөр" менен сүйлөшүп калсаң өтө патриот, мамлекетке жардам берип жаткандай көргөзөт. Кийингени укмуш, чиновниктердей,мингени акыркы үлгүдөгү машиналар. Ичкендери кымбат кафелерде.Жертва менен жолукканда эки агабыздын аты менен баштайт, илгери түшкөн сүрөтүн көргөзөт, балким кайсы бир салтанатта түшө калган сүрөтүн көргөзүшү мүмкүн ж.б.
Мен ушул "көлөкөлөргө" соцсет аркылуу кайрылам:
Силер ишкерлерди тоноп жатасыңар, андан сырткары жарандардын жумуштарын бүтүрүп берем, жумушка орноштурам деп акчаларын алып алдап жатасыңар.
Силер мындай жоругуңар менен коррупционерден же болбосо бандиттерден да өтүп баратасыңар.
Кийинки кезек силерге келгенче токтоткула, ишкерлерге тийишпегиле, бийликтин кээ бир өкүлдөрүн кылмышка түртпөй кысып жүргүлө!
Урматтуу эл-журт, ишкерлер эгер жогоруда жазылгандай бийликтеги кимдир бирөөнүн аты менен барса официалдуу органдарга кайрылгыла!
Шүкүрбек Эркебаев