Печать
Категория: Коом
Просмотров: 184

Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кире үчүн накталай эмес төлөм системасы иштейт.

Мэриянын маалыматына караганда, коомдук транспорттун тарифтери:

- троллейбуста - 17 сом;
- автобуста – 17 сом;
- микроавтобустарда – 20 сом;
- жол кире акысын накталай төлөгөндө валидаторлор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда - 20 сом.

Борбор калаада мобилдик тиркемелерди колдонгон жарандар үчүн акция уланууда. Ошентип, «Компаньон» банкынын тиркемесин колдонуу менен жол кире 10 сомду түзөт. Сиз транспортко түшкөндө Tulpar QR-кодун сканерлешиңиз керек.

Эскерте кетсек, бул акция 2024-жылдын 10-июнуна чейин жарактуу.