Печать
Категория: Коом
Просмотров: 395

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. 2020-2022-жылдар аралыгында "Мухали инвест" ЖЧК аффилирленген фирмасы аркылуу мыйзамсыз катышып, жалпы суммасы 14 млн. сомго жакын 152 тендерди  утуп алгандыгы УКМК тарабынан аныкталды.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, автоматташтырылган маалымат тутумунда катталган тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында Т.А. текшерүүнү токтотуу максатында кызмат адамына пара бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча түшүндүрмөгө карабастан, КР УКМК кызматкерине бир нече жолу акча сунуштаган.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 25-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы 90 000 сом жана 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын которуп жаткан жеринен кармалды. 

Учурда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө ушул сыяктуу коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.