Печать
Категория: Коом
Просмотров: 191

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Анда айтылгандай, 25-марттан 28-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Кар көчкү түшүү коркунучу Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-113-чакырымында (Чапчыма ашуусу), Кызыл-Бел – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымында, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) сакталат.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.