Печать
Категория: Коом
Просмотров: 277

Бүгүн, 25-мартта Бишкек шаарына караштуу Ленин районунун Чүй көчөсүндө жайгашкан соода борборунан өрт чыккандыгы тууралуу ӨКМге маалымат түшкөн. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады. 

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 09:31де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, кошумча саат 09:37де аталган райондук ӨКБдан 3 жалпы 4 бөлүм жана штаб тартылган.

Тилсиз жоо саат 10:00дө чектөөгө алынып, 10:35те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.