Печать
Категория: Коом
Просмотров: 486

2024-жылдын 20-мартында Венада Баңгизаттар боюнча комиссиянын 67-сессиясынын алкагында БМЖКККнын башчысы Уланбек Султанов  жетектеген делегация Индонезиянын делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуулардын жүрүшүндө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн олуттуу көйгөйлөрү, анын ичинен Афганистанда өндүрүү, синтетикалык баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын көбөйүшү жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен аларды жайылтуу, баңгизаттардын кирешесин адалдоо, баңгизаттарды экспертизалоо жана изилдөө жана башка маселелер талкууланды.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында өз ара аракеттенүүнү, маалымат жана тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларды активдештирүү, БУУ БКБнын алкагында кызматташуу форматында да макулдашууларга жетишилди.