Печать
Категория: Коом
Просмотров: 173

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы өз багыты боюнча рейддик иш-чараларды улантууда. Шаардын жака белиндеги конуштарда таштандыны белгиленбеген жерге ыргытуу фактысы көп катталууда.

Рейд учурунда муниципалдык инспекциянын инспекторлору Арча-Бешик конушундагы Чортеков жана Кара-Кужур көчөлөрүнүн кесилишине "Таштанды ыргытпагыла" деген атайын белгилерди орнотушту.

Андан сырткары инспекторлор мала башчылары менен жолугушууларды өткөрүп, жергиликтүү тургундарга таштандыны белгиленбеген жерге таштабоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырышты.

Ошондой эле, чарба жүргүзүүчү субъекттер, жеке компаниялардын  санитардык ченемдердин сакташы боюнча өзгөчө көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга карата КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин беренелерине ылайык чаралар көрүлөт.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Туура эмес жерлерге таштанды ыргытпоону, тазалыкты сактоону эскертебиз.