Печать
Категория: Коом
Просмотров: 220

Нооруз майрамын белгилөөнүн алдында  Ички иштер министрлиги тарабынан коопсуздук чаралары күчөтүлүп, уюштуруу жана практикалык чаралар көрүлүүдө.

ИИМдин «Коомдук тартипти  жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» буйругу чыкты. Бул буйрукка ылайык, укук тартибин камсыз кылуу, анын ичинде жол транспорт кырсыктарын  алдын алуу боюнча иш-аракеттердин комплекстүү планы бекитилген. Ноорузду майрамдоого арналган маданий-массалык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укукка каршы аракеттерди  алдын алуу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө.

Кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу, тиешелүү деңгээлде тартипти камсыз кылуу максатында «Укук тартиби» ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүзөгө ашырылат. 

Республиканын ички иштер органдарынын өздүк курамы Нооруз майрамында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Көчөлөрдө жана коомдук жайларда милициянын кезметтери күчөтүлөт.

Өздүк курамга тескемелер өткөрүлүп, кыраакылыкты көрсөтүүгө жана ыкчам чара көрүүгө тапшырмалар коюлду.  Коомдук тартипти сактоо боюнча иш-чараларга тартылган ички иштер органдарынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын эсептери бекитилди.

Майрамдык иш-чараларды өткөрүү күндөрү коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылат.