Печать
Категория: Коом
Просмотров: 172

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү өз ыйгарым укугунун чегинде укук коргоо ишмердиги чөйрөсүндө Россиянын ички иштер органдары менен туруктуу негизде кызматташып келет.

Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, кылмыштардын бетин ачуу, кылмышкерлерди издөө максатында иш алып барат. Бир нече күн мурда мекендештерине кол салгандардын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жарандарыбыздан кайрылуу келип түшкөн. 

Болжол менен түнкү саат 01:30та 3 белгисиз адам турак жайга кирип, каракчылык менен кол салышкан. Курал катары бычакты колдонушуп, зомбулук көрсөтүү менен коркутушуп, башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алышкан. Кол салгандар эки кыздын кымбат баалуу телефондорун, акчаларын, зер буюмдарын алып кетишкен. Белгисиз адамдар өз аракеттери менен жабырлануучуларга олуттуу материалдык зыян келтиришкен. 

Биздин жарандардын арыздары Москва шаары боюнча полиция бөлүмүндө катталган. Жабырлануучу кыздар Кыргызстандын 1998-жылы жана 2000-жылы туулган жарандары болушат.

Россиянын ИИМнин бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 162-берененин 3-бөлүгүндө (каракчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында Россиянын аймактык укук коргоо органдары Кыргыз Республикасынын ИИМнин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн жана КМШнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү координациялоо бюросундагы биздин өкүлдүн катышуусу менен кылмыштын бетин ачууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы каракчылыкка шектүү катары үч жаран   кармалган. Кармалгандардын баары Кыргыз Республикасынын жарандары болушат. Алар, Баткен облусунун 2003-жылы туулган тургуну Р. Р.,  Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1996-жылы туулган тургуну К. Н., Ош облусунун Кара-Суу районунун 1996-жылы туулган тургуну Ж. Б..

Үчөө тең иштегени Россияга келишкен, азыр Москвада жашашат. Учурда козголгон кылмыш иши боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, алардын мурда жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бардыгы  текшерилип жатат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин РФдеги Өкүлчүлүгү мекендештерибизди кылмыштарды жана укук бузууларды жасоолоруна жол бербөө максатында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнү улантууда.