19-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева менен Динара Ашимова айымдар арасындагы ишкерчилик боюнча консультациялык кеңештин кезектеги жыйынына катышты.
Жыйында айымдар арасында ишкерчиликти колдоо жана ишкер айымдарга көмөк көрсөтүү жаатындагы сунуш-пикирлер айтылды.
Депутат Камила Талиева аталган консультациялык кеңештин негизги максаты жарандарды керектүү маалыматтар менен камсыздоо экенин белгилеп: “Ишкерчилик менен алектенгендерге консультациялар берилип, ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп турганда гана алгылыктуу натыйжаларга жетишүүгө болот. Анткени, маалыматтын жетишсиздигинен ишин илгерилете албай жаткан айымдарыбыз арбын”, – деди.
Муну менен катар мыйзамдык базаны чыңдоо да башкы максаттардын бири экенине токтолгон Камила Талиева анын ичинен “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамга ишкер айымдарды колдоого багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгын кошумчалады.