Печать
Категория: Коом
Просмотров: 91

Уюштуруучулардын айтымында, бул добуштарды эсептөөнү жөнөкөйлөтүп, шайлоочулардын жашоосун жеңилдетет: эл шайлоо тилкелерине келбей эле интернет байланышы бар жерде компьютер же смартфон аркылуу президентти же депутаттарды шайлай алат. Кыргызстанда бул жүз миңдеген ички жана тышкы мигранттар үчүн абдан ыңгайлуу болмок: алар жер шарынын каалаган жеринен добуш берүүгө катыша алышат.

Кыргызстанда аралыктан электрондук добуш берүү системасын киргизүү талкуланып жатканын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

"Эгерде Кыргызстандын парламенти жана жарандары аралыктан электрондук добуш берүүнү чечсе, бул модель ишке киргизилет. Өткөн жылы бул сыяктуу система жергиликтүү бийлик органдарына шайлоодо сыноодон өткөн. Электрондук добуш берүү – шайлоону башкаруунун электрондук программаларын ишке ашыруу комплексинин кийинки баскычы болушу керек", - деди ал.

2023-жылдын жазында БШК Баткен облусунун үч айыл аймагында жергиликтүү бийликтин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүү системасын пилоттук түрдө сынап көргөн. Анда добуш берүүчүлөрдүн саны 100% түзгөнү айтылган.  

Система Орусияда да ушундай эле жыйынтык көрсөттү: Аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, март айындагы президенттик шайлоодо дээрлик 4,5 миллион орусиялык электрондук добуш берүү платформасын колдонгон. Бул аянтчада шайлоочулардын катышуусу рекорддук көрсөткүчтү – 94% түздү.