Печать
Категория: Коом
Просмотров: 206

Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде Мелис Аспеков тууралуу суроого да жооп берди. 

Эске салсак, Аспеков соцтармактарга билдирүү калтырып, анда 2020-жылдын октябрь айында митингде Райымбек Матраимовдон Садыр Жапаровго ири суммадагы акча алып бергенин белгилеген.

"Андай шылуундарга жооп беришти ашыкча деп ойлойм. Былжырак жалганчылар үчүн жооп бергенге убактым да жок", - деди мамлекет башчы.