Печать
Категория: Коом
Просмотров: 209

"24kg" маалымат агенттигинин жетекчиси Асель Оторбаева аталган агенттиктин тегерегиндеги маалыматтарды тактады. 

Эске салсак, агенттик башка жетекчиликке өткөнү маалым болгон. Мындан улам "24kg" рейлерчиликке туш болду деген пикирлер жаралган. 

"Агенттикти жана ээлеген ордумду тапшыруу чечимин бир жыл мурда кабыл алгам. Үй-бүлөлүк жана ден соолугума байланыштуу себептерден улам. Бул боюнча биринчилерден болуп Махинур кабардар болгон. Мен ага агенттикти жетектөө сунушун киргизгем. Ал ойлонуп көрүүнү убадалап, бирок жоопкерчиликти ала албашын айтып баш тартты", - деген Оторбаева агенттиктин редактораты, башкы бухгалтери жана жарнама бөлүмүнүн директоруна жумуштан кетээрин жарым жыл мурда айтканын белгилеген. 

Ошондой эле, агенттик боюнча үч вариант караган, биринчи - сатуу, экинчи - ишенимдүү башкарууга берүү, үчүнчү - эгерде жогорудагы эки вариант ишке ашпай калса, анда жөн гана ишмердүүлүгүн токтотуп коюу.

Аны менен Оторбаева мында эч кандай рейдерчилик болбогонун баса белгилеген. 

Белгилегендей, агенттикти башкаруу Алмаз Турдумамбетовго өткөн. 

"Эмнеге? Мен аны илгертен тааныйм. Ал менде сайттын кыргыз версиясынын редактору болуп иштеген. Мамлекеттик органдар менен алака түзүүдө тажрыйбасы бар, эки тилдүү, бул актуалдуу. Тарбиялуу, билимдүү, интеллигенттүү адам", - деген. 

Ошону менен катар ал журналисттер чөйрөсүнөн ар кандай такталбаган маалыматтарды таратып, агенттиктин эмгек жамаатын тынчсыздандырбоого чакырды.