Печать
Категория: Коом
Просмотров: 160

Сот Бектур Асановго Түркияга дарыланууга барууга уруксат бергенин Биринчи май райондук соту билдирди. 

Бирок Асанов чет өлкөгө качан кетээри тууралуу маалымат жок. 

Бектур Асанов 2022-жылы Кемпир-Абад иши боюнча кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде иш козголгон.

Жакында ал абактан эч кайда кетпөө тил каты менен бошотулган.