Печать
Категория: Коом
Просмотров: 570

УКМК тарабынан карапайым калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кароо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен,  баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, медициналык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда баа түзүү маселелери боюнча ири жеке медициналык мекемелердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү. 

Аталган иш-чаранын алкагында калкка көрсөтүлүүчү медициналык  кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкууланып, жыйынтыгында томографиялык изилдөөлөрдүн бардык позицияларына бааларды 20 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча бир катар ири компаниялар менен макулдашууга жетишилди. Алар: «Юнит-Реактив Фарма», «Медипол», «Томэкс», «Шаншуй Силк Роуд Кейджи», «Альфа МЕД-ЛТД», «Берди», «Медипарк», «Гульмед», «Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет», «Юрфа», «Авиценна», «Меди» и «Веданта», ал эми «Кортекс Неврологиялык борбору» 30 пайызга чейин төмөндөтүүгө макулдашты. 

"КР УКМК лабораториялардын жана медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жөнгө салууга, ошондой эле жеке медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик медициналык мекемелердин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган иш-чараларды улантууда", - деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Эске салсак, буга чейин УКМК өлкөдөгү жеке менчик лабораториялардын анализдерге болгон баасын ылдыйлатууга жетишкен.