Бул жумада кыргызстандыктар үчүн узак дем алыш күндөрү болоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кыргызстандыктар 21нен 24-мартка чейин эс алышат. Нооруз майрамы бейшемби күнгө туш келгендиктен министрлер кабинети 22-мартты (жума) иш күнү эмес деп жарыялады.
Ал эми 22-марттагы жумуш күнү 8-апрелге жылдырылды.