13-мартта Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун коргоого багытталган "Саламаттыкты сактоо тармагындагы глобалдык коопсуздук жана пандемияга даярдык" программасы старт алды. Бул Америка Кошмо Штаттарынын, Кыргыз Республикасынын, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана башка уюмдардын консорциумунун биргелешкен демилгеси, жана ал саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга карата өлкөнүн туруктуулугун бекемдөөчү инвестиция болуп саналат.
"Саламаттыкты сактоо тармагындагы глобалдык коопсуздук жана пандемияга даярдык" программасы Кыргыз Республикасы тарабынан аныкталган жети негизги багыт боюнча иштейт:
- Микробдордун дары-дармекке туруктуулугун көзөмөлдөө жана азайтуу
- Зооноздук ооруларга мониторинг жүргүзүү (жаныбарлар жана адам ортосундагы оорулар)
- Улуттук лабораториялык системаларды чыңдоо
- Ооруларды көзөмөлдөө
- Медициналык кадрлардын потенциалын жогорулатуу
- Тобокелдиктер тууралуу маалымдоо жана коомчулук менен байланышуу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу
- Саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарды башкарууга көмөктөшүү
Программа адамдардын, жаныбарлардын жана экосистемалардын ден соолугун туруктуу тең салмактоо жана оптималдаштырууга багытталган БУУнун "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасын колдонот. Бул көп секторлуу стратегия Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ортосундагы тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылат.
“Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү саламаттыкты сактоо тармагындагы глобалдык коопсуздукту өзүнүн эң негизги беш приоритетинин бири деп эсептейт. Бүгүнкү иш-чара Кыргызстандагы саламаттыкты сактоону жакшыртуу боюнча биздин көп жылдык кызматташтыгыбыздын кезектеги бөлүмү десек болот. Биз COVID-19 пандемиясынын учурунда да тыгыз иштешип, пандемиядан кийинки калыбына келтирүү фазасында да кызматташуубузду уланттык. Биз кургак учук жана ВИЧ/СПИДди аныктоо жана дарылоодо олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Биздин өкмөттөрдүн биргелешкен аракеттеринин негизинде көптөгөн адамдардын өмүрү сакталып калды. Өткөн жылы Ден соолук коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттердин улуттук планын өз убагында кабыл алышы менен Кыргыз Республикасы саламаттыкты сактоо системасынын келечектеги ар кандай пандемияга даярдыгын күчөтүүдө алдыңкы ролду ойноп жатат”, - деди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери.
“Биз USAIDдин каржылоосу Ден соолук коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын негизги бөлүктөрүн колдоодо маанилүү роль ойнойт деп ишенебиз. “Саламаттыкты сактоо тармагындагы глобалдык коопсуздук” программасын ишке ашыруу биздин өлкөгө калктын ден соолугун коргоо жаатындагы коркунучтарга жооп кайтаруу үчүн туруктуу негиз түзүүгө мүмкүндүк берет”, - деп өз сөзүндө белгиледи Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Арыкбаева Бүбүжан Камчыбековна.
Америка Кошмо Штаттары саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо жана бардык кыргызстандыктар үчүн коомдук саламаттыкты сактоонун көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасы менен 1995-жылдан бери кызматташып келет.