Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата арыздар көбөйүп баштаганын айтты.
Ал белгилегендей, депутатка алты аял кайрылышкан.
"Хронологияны карай турган болсок, Бейшеналиев министр болуп келгенден бери ооруканаларда адам өлүмү көп каттала баштаган. Кадрдык чехарда, башаламандык орногон. Таанышыма фурункул чыгып, ооруканага кайрылыптыр. Ал жактан кесип салабыз деп жатып нервди жабыркатышыптыр. Жыйынтыгында бетинин жарымы иштебей калды. Түркиядан кымбат баадагы дарылануу алууга мажбур болду.
Бейшеналиев президентке аконит жасап бердим, болду эми "крутоймун" деп ойлоп жатабы? Министрди жыйынга чакыралы, келип отчет берсин", - деди Коргонбай уулу.
Депутат Камила Талиева дагы Коргонбай уулунун айтканына кошулду. Ал саламаттыкты сактоо жаатында реформа эмей эле, артка кетүү байкалып жатканын белгиледи.
Айтымында, балдардын жана энелер арасында өлүм көбөйдү. Аймактардан бул боюнча кайрылуулар көп болуп жатат.