Өлкө башчы Садыр Жапаров мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган жыйында Кыргызстанда 12 жылдык окууга каршы эмес экенин билдирди.
Жыйында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөдө мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүүнү сунуштаган. Президент "нөлүнчү класс 12 жылдык окуунун ичине киреби" деген тактоочу суроо узаткан.
Министр нөлүнчү класс 12 жылдык окуунун ичинде болорун айтып, бул учурда кандай өзгөрүү болорун түшүндүргөн.
“Бардык мектептерде азыр нөлүнчү класстар ачылган. Мамлекет аларды каржылайт. 10,11 жана 12-класстарда билим берүү кесипке багытталат. Мектепти бүткөндө сертификат алып, балким чач тарач, ширетүүчү, тигүүчү же ашпозчу болуп чыгат. Ал эми илимге кетем дегендерге өзүнчө класстар ачылат”, — деди министр.
Садыр Жапаров мындай болгон учурда каршы эместигин билдирди.