Печать
Категория: Коом
Просмотров: 479

Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде депутат Шайлообек Атазовдун нааразычылыгы боюнча да жооп берди. 

Эске салсак, кечээ, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Атазов президентке бир жылдан бери жолугууга аракеттенип, бирок кабылдамасына кире албай жатканын билдирген. 

"Мен депутаттарды эле эмес, элдин баарын кабыл алып жүрөм. Аксы окуясынан баштап, апрель, июнь, октябрь окуяларында жабыр тарткандарды, аксакал, көк сакалдарды кабыл алдым. Баарына сылык мамиле жасайм. Эскертем. Анан эле менин эскертүүмө көңүл бурушпаса өздөрүнөн көрүшсүн", - деди президент.