Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1820

 Кино сценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек

- Өмүрзак мырза, “Манас” фильмин Голливуд, Турция, Франция, Кытай биргелешип тартканы атканы тууралуу жаңылык чоң резонанс жаратууда. Колдогондор көп. Айрымдар ар кандай тескери пикирлерди билдиришүүдө. Алар тууралуу кабардар болсоңуз керек. Эмне жооп айтмакчысыз?

- Ооба, эл аралык долбоор болгон “Манас” фильмибиз Кыргызстанда кызуу талкууга түшүүдө. Бул азыр гана эмес, апрель айынан бери уланып келатат. Голливуддун, Турциянын, Франциянын, Кытайдын киночулары менен биргеликте дүйнөлүк ири тасма жаратууга бир жарым жылдан бери кызуу суйлөшүүлөр жүрдү. “Манастын уулу Семетей” тасмабыз аркылуу кыргыз жерибиз, элибиз, маданиятыбыз менен тааныштырып, “Манас” эпосунун негизинде эки жарым сааттык көркөм фильмдин сценарий жазып, англис, түрк, кытай тилдерине котортуп, дүйнөлүк ири кино компаниялардын продюсерлери менен талкуулап, акыры 1-мартта эл аралык ири каржы корпорациянын колдоосу менен өтө чоң  каражат менен тасма тартууга келишимге кол коюштук.

Бул кылымдык улуу долбоорубузду колдоолорго кубанып, терс пикирлерге четинен жооп берүүгө аракеттенип атабыз. Бул биринчиден, эл аралык долбоор. Анткени, “Манас” эпосу жалпы адамзаттык мурас, кенч. Анын негизинде эл аралык ири кино компаниялар менен дүйнөлүк популярдуу актёрлордун катышуусунда жалпы адамзаттык улуу тасма жаратууга аракеттенип атабыз. Бизде айрымдар туура эмес түшунүшүп, “Манасты кыргыз актёру ойносо болмок” деген сымал чолок бүтүм токушууда.

-  Манас бабабыздын ролун кайсы актёр ойномокчу?

- Брэд Питт, Дуэйн (“Скала”) Джонсон, Джейсон Момоа, Энгин Алтан каралып атат.

- Кыргыз актёрлор да катышабы?

- “Манастын уулу Семетейде” тартылышкан Темирлан Сманбеков, Калича Сейдалиева, Эгемберди Бекболиев, Эшенкул Барпиев, Нурлан Мурат уулу, Болот Ташболотов жана Аскат Сулайманов, Өмүрбек Израилов, Азат Кусейинов, Эрлан Осмонов, Ырыс Орозова, Айнура Исмаилова өңдүү бир катар кыргыз актёрлору жана актрисалары да катышмакчы.

- “Манас ыйык, аны тасмага айлантпаш керек” деген пикирлер айтылууда.

- “Айкөл Манас” спектакли 40 жыл сахналарда коюлуп, видеосу интернетте турат кино сымал. Жалаң Кыргызстан эмес, бир катар өлкөлөрдө спектаклдери көрүлүп келген. Демек, Манасты актёр аткарбаш керек, ал видеого чыкпасын деген пикирге эбак эле жооп берилген.

- “Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев өңдүү улуу режиссёрлор тартпаганды силер тартасыңарбы” дегендерге эмне десмекчисиз?

- Океев да, Шамшиеа да режиссёрлор. Бизде тасмага Америкалык, Туркиялык дүйнөгө ысымдары белгилүү мыкты режиссёрлор катышат. Биз болсо 1953-жылы Сыдыкбеков, Токомбаев, Маликов, Баялинов баш болушкан улуу акын-жазуучулар Саякбай жана Сагымбай манасчылардын варианттары боюнча  түзүшкөн китептин жана Ашым Жакыпбековдун романынын негизинде кино сценарий даярдап, эл аралык ири кино компанияларга сунуштадык.

- “Манастын уулу Семетей” тасмаңыздарды сындагандар көп.

- “Манастын уулу Семетей” тасмабыз Американын, Европанын киночулары тарабынан жогору баага арзыды. Нью-Йорк, Милан шаарларында өткөн эл аралык фестивалдардын сыйлыгына татыды. Эл аралык ири интернет жана теле каналдарда коюлууга даярдалууда. Ал эми Кыргызстанда көп сындарга илингени чоң тасманын душмандарынын көптүгүндө. Киного эми киришкенибизде “Манастын уулу Семетей” драмасынын  автору Жалил Садыковдун жубайы Сабира эже айтты эле: “Спектакль чыкканда Жалилдин достору да душманга айланышкан, кастар көп чыгат, даяр болгула” деп.

- Кимдер, эмнеге душмандык кылышат?

- “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” кыргыз үчүн улуу чыгармалар. Алардын кеңири тарашын колдоочулар да, жактырбагандар да арбын. Мындан он чакты жыл илгери “Манас эл” кыймылынын төрагасы, Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков да айтты эле:”Манастын душмандары көп, кино кылганга чоң тоскоолдуктар болот” деп. Жөнөкөйлөтүп айтканда Абыке, Көбөш, Коңурбайдын тукумдары... “Эпос ыйык, аны тасмага айлантпаш керек” деген ошолордун дуулдаткан шылтоосу окшойт... Анан маданият министрлиги, кино департаменти, “Кыргызфильм” турса, аларда кызмат кылышкан чоң армия турса, Төлөбеков өзү тартып кирсе... Аларга арийне, жакмак беле?!

Дагы бир жагдай – “...Семетей” тасмабызды а дегенде президент Жапаров колдоп чыкканы үчүн кылкылдаган оппозиция оппонентке айланды.

- Президент Жапаров “Манас” фильмди колдоп атабы?

- “Манас” фильми - эл аралык кино долбоор. Кыргыз элинин улуу эпосунун негизинде бир катар өлкөлөрдүн киночулары биргелешип тартчу тасма. Каражатты чет элдик каржы булактары чыгарышмакчы. Демек, бул тасма чет өлкөлүк долбоор. Манасыбыз, Кыргызстаныбыз ааламга жар салынып, даңкталып атса Кыргыз бийлиги арийне, колдоого тийиш деп эсептейбиз. Бирок, азырынча кирише, кызматташа элекпиз.