Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлообек Атазов бир катар билдирүүлөрү менен чыкты. Ал "мандатын тапшырган акыркы депутат ал боло турган болсо, өзүн курмандыкка чалууга даяр" экенин белгиледи. Эске салсак, 6-мартта Атазов Бишкектин административдик соту тарабынан мандатынан ажыратылган. Ага Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Абдурахман Муртазалиевдин арызы себепкер болгону айтылган.
Атазовдун "чындыгы"
Парламент жыйынында Атазов мандатынан ажырашына бир катар себептерди белгиледи. Алар: "жакшы жана жаман сүйлөгөндөрү", прокурорлор, министрлер жана мафиялар тууралуу маалыматтарды алып чыкканы ж.б.
Ал эми буга чейин соцтармактарга жарыяланган депутаттык ишмердүүлүккө туура келбеген аракеттери, байланыштары тууралуу унутуп калгандай унчукпады.
Элге чыккан чындыктар
Шайлообек атазов а деп парламентке келгенде эле чыр коштогон. Аны менен чогуу бир мандаттуу округдан талапкер болгон Абдурахман Муртазалиев көп добуш менен жеңип чыккан, бирок добуш сатып алууга шектелип, жарыштан четтетилген. Бирок Муртазалиев мындай дооматты четке кагып, добуш сатып алууга аракеттенген эки аял анын шайлоо штабында иштебей турганын, аларды мурда-кийин көрбөгөнүн айтып чыккан. Ошол маалда эле Муртазалиев жарыштан четтетилээри менен депутаттык мандат алууга толук мүмкүнчүлүгү бар болуп чыга келген Атазовго бул оюнда катыштыгы бар делген шек түшкөн. Бирок чындык ачыкка чыккан эмес, Ш.Атазов парламентке келген.
Андан соң коррупцияга, кылмыштуу топторго каршы күрөштүн негизинде бул терс көрүнүштөрдүн өкүлдөрү менен байланышта болгон мамлекеттик кызматкерлер, аткаминерлер кызматтан алына баштады. Ошол эле Раимбек Матраимовдун коррупциялык схемасына катыштыгы болгон, аны менен жакын мамилесин сактаган дээрлик 200гө жакын мамкызматкер аныкталып, айрымдары кызматтан кетишкени белгилүү болду. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциясыз, кылмыштуу дүйнөсүз өлкөнү жаратуу үчүн анын бардык тамырын үзүү керектигин билдирген.
Коомчулук, эксперттер эгерде Матраимов же кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрү менен болгон байланышы үчүн мамкызматкерлер кызматтан кетсе, бул эреже депутаттарга да тиешелүү болушу керектигин айтып чыгышты. Эл өкүлү болгон адам кристаллдай таза, кайсы бир тараптын кызыкчылыгына баш ийип, жетегинде калбаган адам болушу керек деген ойду карманышкан.
Ошол эле эксперттер аркылуу Матраимовго байланышы бар делген депутаттардын аты аталып, арасында Атазов да болду. Ага чейин кылмыш дүйнөсүнүн "Дженго" каймана аттуу лидери менен телефондогу сүйлөшүүсү дагы ачыкка чыгып кеткен болчу. Ошону менен Атазов эки чынжырга байланганы - бир жагынан коррупционерлердин анабашчысына жандоочу болсо, экинчи жагынан кылмыш дүйнөсүнүн "көрүнүктүү" өкүлдөрүнүн чабарманы экени ачык айтылбаса да белгилүү болгонсуган.
Эми Атазов алардын баарын четке кагып, акыйкатты сүйлөгөнү үчүн куугунтукка кабылып, мандатынан ажырагандай көрүнүүнү каалоодо. Ал каалоосу канчалык ишке ашат, айтуу кыйын. Анткени, азыр жалындуу сөздөргө эмес, жасаган ишке, баскан кадамга ишенген коомчулук түптөлүүдө.