Печать
Категория: Коом
Просмотров: 438

Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Шакиев Шайлообек Атазовдун өзүнө карата айтылган сынына жооп берди. 

Ал Орозо маалында талашкысы келбей турганын, бирок акыйкат үчүн айтып коюшу керектигин белгиледи. 

"Сиз менин мүнөзүмдү билесиз, мага кайрылганыңызда маселелериңизди чечүүгө колумдан келишинче жардам бердим. Бул кырдаалда дагы сизге карата кайдыгер болбодум. Кимге жана кандай сөз айтылышы керек болсо, мен айттым, сизди коргодум. Депутаттарга карата кандай иш козголбосун, баары мыйзам чегинде. Биз дайыма мыйзамдуулук үчүн күрөшөбүз", - деди Шакиев.

Ошондой эле ал бардык депутаттарга каалаганын сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилип жатканын белгиледи. 

"Дайыма биз депутаттарга эркин сүйлөөгө мүмкүнчүлүк беребиз, азыр да сиз каалагандай сүйлөдүңүз. Бул дагы парламенттик демократиянын белгиси. Бардык депутаттар каалаганын айтышат. Эч ким эч кимди тыйган жок, микрофонун өчүргөн жок, анткени бизди сүйлөсүн деп шайлашкан", - деди. 

Эске салсак, Шайлообек Атазов спикерди депутаттарды коргобойт деп айыптаган. Ал Матраимов жана кылмыш дүйнөсүнүн бир катар өкүлдөрү менен байланышы бардыгынан улам мандатынан ажыроо коркунучуна туш келди.