Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан атайын айыл чарба техникаларын сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу фактысы аныкталып, ал боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө уланып жатканын УКМК билдирди.
Буга чейин белгилүү болгондой, 2023-жылдын 5-декабрында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Ш. УКМКнын кызматкерине айыл чарба техникаларын сатып алуунун жагдайын текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган.
2024-жылдын 1-мартында бул кылмышка катыштыгы бар делген шек менен «Тон Манжылы Сервис» ЖЧКсынын подрядчы фирмасынын башкы директору, Кыргыз Республикасынын жараны И.М.С. кармалып, Каракол шаарындагы № 23 тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жрп жатат.