Печать
Категория: Коом
Просмотров: 118

Кыргызстандагы 12 облустук гезитти бюджеттен каржылоо токтотулуп, редакциялар жеке чарбалык эсепке өткөндөн кийин үч басылма жабылды.

Алар Нарындагы “Теңир Too”, Ысык-Көлдөгү “Вести Иссык-Куля” жана Оштогу “Эхо Оша” гезиттери экенин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкен.

Облустук гезиттерди чарбалык эсепке өткөрүү жөнүндөгү Министрлер кабинетинин токтому 2023-жылдын 12-декабрында чыккан. Документке ылайык, 2024-жылдын 1-январынан 12 облустук гезитти бюджеттен каржылоо токтотулган.

Гезиттердин айрымдары совет мезгилинде, кээ бирлери өлкө эгемендик алганда түптөлгөн. Алар:

Ошто үч редакция - “Ош жаңырыгы”, “Уш садоси” (өзбекче) “Эхо Оша” (орусча);

Чүйдө эки редакция - “Чүй баяны”, “Чуйские известие” (орусча);

Жалал-Абадда эки редакция – “Акыйкат”, “Жалал-Абад тонги” (өзбекче);

Ысык-Көлдө эки редакция - “Ысык-Көл кабарлары”, “Вести Ысык-Куля”;

Таласта “Талас байрагы”;

Баткенде “Баткен таңы”;

Нарында “Теңир Тоо” редакциялары.

Өкмөт бюджеттик чыгашаларды оптималдаштыруу максатында мамлекеттин карамагындагы жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоонун алгачкы этабын 2019-жылы баштаган. Министрлик гезиттер интернет форматына өтөрүн билдирген.

Облустук маалымат мекемелерине бөлүнүүчү мамлекеттик каражаттын өздөштүрүлүшүн оптималдаштыруу максатында медиа-борборлор ачылган.

Ал эми бюджеттен акча бөлүнүп келген 34 райондук гезитти каржылоо 2018-жылы токтотулган.