Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1318

Жолдошбек Көлбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти кызматынан кетти. Белгилей кетсек, ал "мыйзамдагы ууру" катары таанымал Камчы Көлбаевдин бир тууган агасы. 

Анын кызматтан кетүүгө жазган арызы 6-мартта кабыл алынган.  

Жолдошбек Көлбаев  вице-президент болуп иштеп жүрүп, 2016-жылы УОКтун президенти болуп шайланган. 2020-жылдын декабрында ал дагы төрт жылдык мөөнөткө шайланган. Аны менен катар Азия дзюдо биримдигинин вице-президенти болуп да саналат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президентинин милдеттери Куванычбек Конгантиевге Олимпиадалык цикл аяктаганга чейин жүктөлгөнү белгилүү болду. 

Куванычбек Конгантиев 2012-жылы КР дзюдо Улуттук федерациясынын вице-президенти болуп шайланган. 

 

2021-жылдан тартып Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.