КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшүүдө.
Бул тууралуу БШК билдирди.
Анда айтылгандай, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу Баткен шайлоо округу боюнча талапкер 1993-жылы туулган Калпаев Бактияр Алиевичтен арыз түшкөн. Ал - «Комфорт Хаус» ЖЧКсынын директору.
КР президенти жогоруда аталган бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын 28-апрелине дайындаган. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт.